Кыргызстанда мал жандыктарынан жуккан оорулардын саны кыскарды

Өлкөдө мал жандыктарынан жугуучу кутурма, шарп, бруцеллез, эхинококкоз сыяктуу оорулардан жабыркаган жарандардын саны беш эсеге кыскарды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

“Өкмөт тарабынан жылдан-жылга ветеринария тармагына олуттуу көӊүл бөлүнүп келүүдө. Малды дарылоого мамлекеттик бюджеттен акча каражаты мурунку жылдарга караганда үч эсе көп бөлүнүп жатат. Натыйжада жылдан-жылга малдын ылаӊы жана малдан жуккан адамдардын оорусу да азайып жатат. Республика боюнча ири мүйүздүү мал идентификацаядан өткөрүлүп, маалыматтык системага киргизилүүдө”,-деп белгилешти адистер.

Мындан сырткары малдын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары менен күрөшүү максатында 8 ылаңга каршы стратегиялык план иштелип чыгып, ал дагы бекитилген.

Сүрөт: gov.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.