Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы катталды

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун омикрон штаммы катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы дарыгери Айгүл Жумаканова кабарлады.

“Улуттук вирусология лабораториясына ооруну жуктурган ар кайсы аймактардагы 165 адамдын анализин бергенбиз. Изилдөө 4-6-январда башталып, жыйынтык алты күндөн кийин чыкты. Натыйжада, Бишкектеги Жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында жаткан эки адамдын анализинен омикрон штаммы аныкталды. Бул штаммдан тышкары өлкөдө Түштүк Африка, Индиянын дельта штаммдары да бар”, – деди Жумаканова.

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирусту 465 адам жуктуруп, беш айдагы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Бир күндө эки киши оорудан көз жумду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.