Кыргызстанда ИДПнын көлөмү он айда 556 млрд сомду түзүп, 1,6%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айлары аралыгында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 556 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаеванын маалыматына караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 506 миллиард сомду түзүп, 4,1 пайызга көбөйдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.