Кыргызстанда дайынсыз жоголгон 36 өспүрүм табыла элек

Эл өкүлдөрү акыркы мезгилде өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуп жатканын тыкыр көзөмөлгө алууну Өкмөткө табыштады.

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар акыркы мезгилдеги өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуп жатышы боюнча маселе көтөрүштү.

Депутат Мирлан Бакиров мектепке кеткен бойдон дайыны чыкпай, кийин сөөгү табылган Асел Төрөбекова мисалга тартып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган мындай көйгөйдү Өкмөт башчысы өз көзөмөлүнө алса дейт.

“Жоголгон балдарды издеп эле тим болбой, көйгөйдүн түпкү себебин дагы дыкат иликтөө зарыл”,- дешет депутаттар.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 өспүрүм дайынсыз. Изделип жаткандардын 24ү эркек, 12си кыз.

2016-жылы Кыргызстанда ар кандай себеп менен жалпы 686 бала жоголуп, алардын 650сү аман-эсен табылган. 2001-жылдан бери дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан 36 өспүрүм бар.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.