Кыргызстанда бир жумада жол кырсыгынан 160 адам жабыркады

Өлкөдө 3-апрелден бери 100дөн ашуун жол кырсыгы катталды. Жума ичинде андан жаракат алган адамдардын саны 160тан ашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Адистер өлкөдө жол кырсыгы тынымсыз катталып жатканын белгилешүүдө. 8-апрелде Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда 3 жеңил унаа кагылышып, 5 адам каза болгон. Дагы төрт адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

ИИМдин маалыматында өлкөдө жол кырсыгынан жылына миңдей адам каза табат. Себептери катары катуу ылдамдыкта унаа айдоо, мас абалында башкаруу жана жол эрежелерине көңүл бурбагандык айтылып келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.