Кыргызстанда алгачкы IT EXPO «Connect. KG» көргөзмөсү ачылды

Премьер-министр Улукбек Марипов видеоконференцбайланыш форматында өткөн алгачкы IT EXPO «Connect. KG» көргөзмөсүн ачты.

«Акыркы мезгилде өлкөдөгү IT-тармактын өнүгүүсү активдүү фазада жүрүүдө жана бүгүнкү иш-чараны өткөрүү муктаждыгы мурдатан бышып жетилген. Бүгүнкү күндө биз санариптик технологиянын болуп көрбөгөндөй өнүгүүсүнө жана анын экономикалык өсүшкө, мамлекеттик башкарууга, тейлөө сапатына, бизнес жүргүзүү ыкмасына жана адамдардын жашоо мүнөзүнө олуттуу таасир берүүсүнө күбө болуудабыз, мында технологиялар экономиканын салттуу тармагын трансформациялап, көлөмдүү маалыматтар жаңы санариптик баалуу алтын катары, жасалма интеллект эмгек өндүрүмдүүлүгүн  бир топ жогорулатууда», – деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, заманбап санариптик инфраструктура мамлекеттин, жеке сектордун жана жарандардын ортосундагы өз-ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет. «Акылдуу шаар», «акылдуу ферма», «акылдуу фабрика», же «акылдуу транспорт» сыяктуу «акылдуу» чечимдерди жапырт киргизүү үчүн мүмкүндүктөр пайда болот.

Маалымдама: Кыргызстан мындай иш-чараны алгач ирет өткөрүүдө, анын жүрүшүнө дүйнө жүзү боюнча IT-индустрия тармагындагы белгилүү эксперттер, консультанттар, алдыңкы бизнесмендер катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.