Кыргызстанда акыркы төрт жылда 300дөн ашык бала ташталган

Өлкөдө 2014-жылдан бери 320 бала ташталганы аныкталды. Акыркы жети жылда чет жакта калтырып кеткен 71 ымыркайды Кыргызстанга алып келишти. “Ынтымак” эне болуудан качкандар көп кездешкен учурларды жана анын себептери тууралуу маалыматтарды чогутту.

Өз баласын багуудан баш тарткан учурлар тынымсыз болуп турат. Акыркы жолу 31-июлда Бишкекте ымыркайын дааратканага таштап кеткен учур катталды. Азыркы тапта бала ооруканада, абалы жакшырып калганын дарыгерлер айтышууда. Анын энеси табыла элек.

Кыргызстанда жылына орточо эсеп менен баладан баш тарткан 50 учур катталат. Анын себептери катары жарандык нике, жаш кыздардын боюна бүтүп калуусу сыяктуу жагдайлар айтылып келет.

Балдарын кароосуз калтырып кеткен кыргызстандык аялдар чет жакта да арбын. 2011-жылдан бери коңшу өлкөлөрдөн таштап кеткен 71 ымыркайды алып келишти. Алардын басымдуу бөлүгү Мосвкадан мекенине алынып келинген. Эң көп учур 2018-жылы катталды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистеринин маалыматында, Орусиянын мыйзамдарына ылайык, ташталган ымыркайлар алты ай бою балдар үйүндө кала турган болсо, автоматтык түрдө аларга орусиянын жарандыгы берилет.

Баладан баш тартуунун себептери:

Кыргызстанда:

  • жарандык никеде жашоо,
  • плансыз бойго бүтүү
  • социалдык жетишпегендик
  • толук эмес үй-бүлө

Коңшу өлкөдө:

  • жаш кыздардын алданып калуусу
  • никесиз төрөлүү
  • жаштардын сексуалдык сабатынын жоктугу

Кыргызстанда жылына 145 миңден 162 миңге чейин бала төрөлөт. Акыркы алты жылдан бери 924 миң бала жарык дүйнөгө келди. ЮНИСЕФ уюмунун маалыматына караганда, учурда Кыргызстандагы интернаттарда 20 миңден ашык бала багылууда. Адистердин белгилешинче балдар үйлөрүндөгү ымыркайлардын 90 пайыздан ашыгынын ата-энеси бар. 10 пайызы гана такыр ата-энесинен ажырагандар.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда ишке ашып жаткан “Ынтымакта” мультимедиалык редакция түзүү” долбоорунун алкагында даярдалды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.