Кыргызстанда 647 согуштун ардагери калды

Алардын 176сы Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптары, 428и согуш катышуучулары, 25и концлагерлердин жашы жете элек  туткундары жана 28и Ленинград курчоосунда болгондор. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Министрдин орун басары Лунара Мамытованын айтымында, согуш ардагерлерине ай сайын жана жылына бир жолудан жөлөк пулдар берилет. Согуш катышуучулары жана майып болгондор айына 7 миң сомдон, тылда иштеп, азыр майыптык алгандар – 2 миң жана согуш ардагерлеринин жесирлери 1 миң сомдон алышат.

Мамытова белгилегендей, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, Ленинград курчоосунда болгондор жана концлагерлердин туткундары 2010-жылдан бери КР президентинин өмүр боюга белилегенген 10 миң сом стипендиясын алышат.

Согушка Кыргызстандан 360 миң адам катышып, 90 миңи апаат майданында каза болгон.

Быйыл 9-майда Жеңиштин 72 жылдыгы белгиленет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.