
Бүгүн, 3-майда саат 10:47де Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында жер силкинди. Жер титирөөнүн күчү очогунда коңшу өлкөдө 7 баллга, Кыргызстанда 5 баллга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жер силкинүү өлкөнүн Шибээ, Карамык айылдарында 5 балл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айылдарында 4 баллга жетти. Алдын ала алынган кабар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
- 03.05.2017