Кыргызстан жаңы төрөлгөн балдар боюнча рейтингде 74-орунда турат

Төрөлгөн балдар боюнча рейтингде Кыргызстан 229 өлкөнүн ичинен 74- орунга жайгашты. Бул тууралуу Борбордук чалгындоо башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы менен наристелердин көп төрөлүшү боюнча Нигерия рейтингдин сап башында турат. Экинчи катарда Ангола аймагы турса, үчүнчү катарды Уганда ээлесе, акыркы сапта Монако турат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан жаңы төрөлгөн наристелердин саны боюнча алдыда турат.

2020-жылы өлкөдө 158 миң 174 ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.