“Кыргызстан сойкулук боюнча Орто Азияда биринчи орунда турат” Орусиялык ЖМК көлөмдүү макала жазды

Кыргызстан сойкулук боюнча Орто Азияда биринчи орунда тураарын Орусиянын “Аргумент жана фактылар” сайты жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 25 миңден ашуун кыз-келин сойкулук менен алектенет. Бул Орто Азия мамлекеттеринин арасындагы эң чоң көрсөткүч. Кыргызстанда сойкулар саатына миң сомдон башталат. Маалыматта жыныстык катнаштын санына, көрсөткөн интимдик кызматка жараша кыздардын “баасы” 20 миң сомго чейин жетери, Бишкектеги жаш сойку кыздар Дубайга, Алма-Атага, Орусияга кызмат көрсөтүү үчүн дагы жөнөтүлөөрү жазылган.

“Бул өлкөдө сойкулар мурун көбүнчө көчөгө чыгышса, азыр интернет аркылуу эле кызмат көрсөтүп калышкан. Өлкөнүн экономикасы кыйроого учурап жатканда сойкулук менен алектенүү күч ала берет”, – деп жазган макаланын автору Георгий Зотов.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы эң арзан сойкулар “Ош базарынын” аймагында экени да белгиленген.

“Аргументтер жана фактылар” сайтынын кабарчысы Георгий Зотов Кыргызстан тууралуу дагы бир топ көлөмдүү макалаларды жарыялады. Макалалар Бишкек, Ош шаарындагы базарлар жана Орусиядан келип, ишсиз үйдө жаткан мигранттар тууралуу жазылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.