Кыргызстан менен Тажикстан дагы 40 чакырым чек араны сүрөттөшөт

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун акыркы отурумдарында чек аранын 40 чакырымы сүрөттөлгөн. Бул тууралуу чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Абдулат Мырзаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кийинки жолугушуу август айына белгиленген.

” Жумушчу топтун акыркы үч отурумунда 40 чакырым жер сүрөттөлгөн. Иш уланууда “, – деди ал.

Буга чейин, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чек аранын долбоордук линиясын No 43 чек ара чекитинен No 61 чек ара пунктуна чейин жана No 135 чек ара пунктунан No 141 чек ара пунктуна чейинки бөлүктөрүндө сүрөттөөгө макулдашуу болгон. Тажикстан талаштуу жерлер боюнча бир пикирге келген эмес.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын узундугу 970 чакырымга жетет. Алардын 519у такталган, калганы сүрөттөлө элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.