Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык мамилелери талкууланды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу маселелерин талкуулады.

Өзгөчө басым транспорт, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба тармагындагы мындан ары өз ара аракеттенүү, Евразия экономикалык биримдигинин форматында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине коюлду.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүнүн укуктук макамын, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 23-кеңешмесинин болжолдуу мөөнөттөрүн талкуулашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.