Кыргызстан Иран менен соода тармагын жандантат

Кыргызстан Иран өлкөсү менен соода тармагын жандантат. Анда айыл-чарба багытындагы товарлар экспортолуп, ишкерлерге жол ачылат. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда айтылды.

“Кыргызстан Иран ортосунда соода алаканы түзүү мүмкүнчүлүгү чон. Учурда Ирандыктар менен айыл-чарба, кайра иштетүү боюнча иштешүүгө даярбыз. Биз сүйлөшкөндөй, жол картасы боюнча баарлашып, бир пикирге келдик. Эми бардык тараптан карым-катнашты бекемдөөгө болот. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды экспорттоо болжолдонууда”,-деп белгиледи тышки иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Ал кошумчалагандай, Иран заманбап техникалар менен камсыздалып,  жаңы ачылыштарга багыт алган өлкө. Мындан Кыргызстан курулуш тармагына керектелүүчү материалдарды сатып алып, ишти жандантса болот. Бул үчүн эки өлкөнү түз байланыштырган унаа же темир жол салуу боюнча да пландар бар.

Быйыл Кыргызстан менен Ирандын дипломатиялык кызматташтыгына 25-жыл болот.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.