Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт

Кыргызстан электр энергиясын 2022-жылдан тарта экспорттой баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жыл аралыгында 23 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт.

“Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн электр кубатын берүү линиясынын жалпы узундугу 450 чакырымга созулат. Электр энергиясы май-сентябрь айларында берилет”, – деди Айтмамат Кадырбаев.

Экспорттолгон электр энергиясынын ар кВт/сааты негизинен Ооганстан менен Пакистанга 5,5 центтен сатылмакчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.