Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 160 млн доллар насыя алат

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду бюджетти колдоо үчүн Кыргызстанга 160 миллион доллар насыя берет. Каржы министрлиги насыя берүү боюнча макулдашууга 2021-жылы кол коюлганын кабарлады.

Министрлер кабинети каражатты экономиканын бир катар секторлорун каржылоого жумшайт.

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналына жарыялаган документтерге ылайык, Кыргызстан бул каражатты эки транш менен алат. Биринчисин 2022-жылы жана экинчисин 2023-жылы ала турганы көрсөтүлгөн.

Насыя туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн Туризмди өнүктүрүү фондун каржылоо; өнөр жайды өнүктүрүү жана колдоо үчүн “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомун каржылоо; чакан жана орто бизнес үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн Ишкердикти колдоо фондун каржылоо; энергетика тармагын колдоо жана суу чарба объектилерин жакшыртуу үчүн бюджеттик насыя берүүгө жумшалат.

Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донор уюмдардан жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.