“Кыргызстан билим менен гана өнүгө алат, башка жол жок”. Түркияда окуган кыргызстандык менен маек

Ата-энелер билим бир эле кыздарга же эркектерге керек деп бир уулун же кызын жогорку окуу жайга окутуп, башка уулдарын окутпай койбостон баарына текши билим берүүсүнө шарт түзүп берүү керек. Балдарынын келечеги үчүн билимге инвестиция жасап, керексиз чыгымдардан жана ысырапкорчулуктан баш тартышса. Ошол эле учурда жаштарга айтаарым, жашап жаткан жана келечектеги доор жалаң гана билим жана илим доору болгондуктан аны азыртан түшүнүп, ошого жараша максат коюшса. Анткени билимдүү адам эч убакта жерде калбайт.

Мындай пикирин учурда Түркияда жашап, анда билим алып жаткан Айканыш Эшназарова билдирет. Талас облусунун тургуну Айканыш көп жылдан бери аталган өлкөдө билим алып, эми докторлук даражасын жактоонун алдында турат.

– Айканыш айым, алгач маегибизди Түркияга барган жылдардан баштасак. Ал жака барып калышыңызга эмне түрткү болду эле?

– 2008-жылы 11-чи классты аяктагандан кийин, ЖРТга, Кыргыз-Түрк Манас университетине жана Түркиянын мамлекеттик окуу жайларынын сынагына тапшырдым. Жыйынтыгында баарынан жогорку балл алдым. Менин тандоом Анкара шаарындагы Гази университетти болду. Бул окуу жайды дагы тандаганым бекеринен эмес эле. Түркиянын билим берүү жаатында сапаттуу билим менен камсыздалып, Гази университетинин билим берүү боюнча Түркиянын алдыңкы 10 университетинин ичинде орун алгандыгы болду. Студенттерге бардык шарт менен камсыздалгандыктан тандоомо себеп болду. Ошол эле учурда бюджеттик негизде окууга кабыл алындым. Стипендия, жатакана, жалпы медициналык камсыздандыруу менен камсыз болуу мен үчүн чоң жетишкендик жана мүмкүнчүлүк эле.

– Биздин мекендештердин көптүгү жагынан Түркия экинчи орунда турат эмеспи. Ал жактагы мигранттарыбыздын жашоо-шартын жакындан билип, сезип, көптү көрдүңүз дегендей. Сизге ал жак эмнеси менен таасир калтырды?

– Миграциянын кайсы түрү болбосун миграция процесси өзүнө таандык түрдүү эреже жана кыйынчылыктар менен коштолот экен. Жаш болуп туруп бөтөн жер, бөтөн элде миграциянын талаптарына жана Кыргызстанда калган жакын инсандарга болгон сагынычка туруштук берүү оңой болгон жок. Түркиянын тарыхы, маданияты, бардык жаштагы инсандардын билимге олуттуу мамиле жасагандыгы, эмгекчил, ысырапкорчулукту жактырбаган жана жаратман эл болушу мага чоң таасир калтырды.

– Чет мамлекетте окуган илимпоз айым катары Кыргызстанда мейли билим берүү жаатында болобу, жеке инсан катары кандай салым кошкуңуз келет?

– Жаран чет өлкөдө жүргөндө келген өлкөсүнүн өкүлү болуп кабыл алынат. Ар бир кыймыл- аракет ошол келген өлкөнү жалпысынан мүнөздөп турчудай эсептелет. Кыргызстан же кыргызстандык жаран десе эле экономикалык себептерге байланыштуу башка өлкөнүн жумушчу муктаждыктарын камсыздоочу өлкөнүн жарандары катары кабыл алышат. Бир жагынан алганда туура, аны жокко чыгара албайбыз. Мен бул көз карашты аз да болсо өзгөрткүм келет. Билимге маани берип, билим жолунда жүрүп, илим жасап жүргөн кыргызстандык жарандардын көп экенин көрсөткүм келет. Алардын эмгектерин иш жүзүндө чет өлкөлүктөргө тааныштыруу башкы максаттарымдын бири.

 – Алдыда дагы кандай максаттарыңыз бар? Окууну ийгиликтүү аяктап, Кыргызстанга кайтып, иштейин деген пландарыңыз барбы?

-Алдыдагы 2-3 жыл ичинде учурда окуп жаткан докторантуранын бардык экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, доктордук диссертациямды жактап алсам, ошол эле учурда жазып жаткан бир канча илимий макала жана китеп бөлүмдөрүн сапаттуу жана ийгиликтүү жазып бүтүрсөм деген максаттарым бар. Ал эми жалпысынан айтканда Кыргызстанга кайтып, жаштарга алган билимимди үйрөтүп, туура багыттап, билимдүү жаштардын көбөйүшүнө түрткү болсом, пайдалуу жана сапаттуу илимий иштерди чыгарсам деген тилегим бар. Кыргызстан билим менен гана өнүкпөсө башка өнүгүү жолу жок, ошого салым кошсом деп көптөн бери тилеп келем.

– Маегибизди жыйынтыктап жатып, сизге эркин микрофон…  

– Учурдан пайдаланып, өзгөчө ата-энелерге  кайрыла кетейин. Билим бир эле кыздарга же эркектерге керек деп бир уулун же кызын жогорку окуу жайга окутуп, башка уулдарын окутпай койбостон баарына текши билим берүүсүнө шарт түзүп берүү керек. Балдарынын келечеги үчүн билимге инвестиция жасап, керексиз чыгымдардан жана ысырапкорчулуктан баш тартышса. Ошол эле учурда жаштарга айтаарым, жашап жаткан жана келечектеги доор жалаң гана билим жана илим доору болгондуктан аны азыртан түшүнүп, ошого жараша максат коюшса. Анткени билимдүү адам эч убакта жерде калбайт.

 

Булак: Кадам Медиа.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.