Кыргызстан августка чейин ЕАЭБдин 18 стандартына жооп бериши керек

Август айында ЕАЭБдин дагы 18 техникалык стандарты күчүнө кирет. Жаңы регламентке ылайык, сүт, эт, темир жол транспорту, текстиль жана товарларды таңгактоо биримдиктин талабына жооп бериши керек.

Талапты аткаруу үчүн  өкмөт Орусия жана Казакстан менен жалпы 21 миллион АКШ долларына келишим түздү. Ага биримдиктин бирдиктүү тизмесине кирген 30 лабораториянын жабдуулары жаңыланат. Учурда азык-түлүк коопсуздук тармагын текшерген 9 техникалык регламенттин 80%ы даяр.

Деген менен иштин ыргагы экономисттерди канааттандырбайт. Өкмөттүн чабалдыгы байкалып, күз айлары ишкерлер үчүн оор болору айтыла баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.