Кыргызстан 4 өлкөгө жаңы элчилерин дайындады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея сындуу бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди.Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулова дайындалды.

Ал эми  Орусияга Аликбек Жекшенкулов элчи болду.

Кыргызстандын  Түштүк Кореядагы элчилигине Динара Кемелованын талапкерлиги колдоо тапты.

Ал эми АКШдагы элчиликке Болот Отунбаев дайындалды.

Белгилей кетсек, Динара Кемелова учурда тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп иштеп келет. Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.