Кыргыз жылдыздары менен “Элим, барсыңбы?!” фонду муктаждарга кайрымдуулук кылышты

Кыргыз жылдыздары “Элим, барсыңбы?!” кайрымдуулук фонду менен биргеликте өлкөдөгү муктаж болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук иштерин жүргүзүштү. Кайрымдуулуктун алкагында аярлуу катмардагы мекендештерге азык-түлүк баштыктары жана вирустан коргонууга жардам берген каражаттар таратылды.

Аталган иш-чара “Бармын” долбоорунун алкагында ишке ашып, “Элим, барсыңбы?!” фондунун каттоосунда турган, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги дана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан тизмеленген 1 280 муктаж үй-бүлөлөр жардам алышты.

Учурдан пайдаланып, аталган фонддун кызматкерлери кайрымдуулукка катышкан ар бир жаранга терең ыраазычылыгын билдирет!

“Сиздин кайрымдуулугуңуз ар бир муктаж үй-бүлөнүн бүгүнкү жана эртеңкиси үчүн абдан маанилүү!”,-дешет “Элим, барсыңбы?!” фондунун өкүлдөрү.

Муктаждарга жардам көрсөтүүнү каалаган жарандарга төмөнкү телефондор кызматта:

ЭЛСОМ, БАЛАНС, М-БАНК, 0 ДЕНЬГИ-  0770 00 40 44.

Баткен: Жалпы эл медицина кызматкерлерин колдоого киришти

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.