
Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Жогорку Кеңешке отчет берүү учурунда айтты.
“Коңшу мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо ишинде өкмөт жакшы жыйынтыктарга жетишти”, – деди ал.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2016-жылы коңшу өлкөлөр менен чек араларды делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөр жанданган.
“Өзбекстан менен болгон чек арабыздын 1055 чакырым же 76,5%ы такталган, Тажикстан менен 519 чакырым тилке же 54%ы такталып, чек ара сызыктарынын өтүшүнүн долбоорлору жазылды”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчынын айтымында, калган тилкелер боюнча мамлекеттер ортосундагы өкмөттүк комиссиялар биргелешип тиешелүү тактоо, талаа-изилдөө иштерин жүргүзүү жана башка макулдашуу иштерин улантууда.
Премьер-министр бул багытта коңшу өлкөлөр менен достук мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттер ортосунда бирдиктүү иштерди активдештирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
- 28.04.2017