
10-апрелде башталган он күндүк сүйлөшүүлөр Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп жатат. Эки мамлекеттин өкмөт өкүлдөрү чек араны делимитация жана демаркациялоо маселелерин талкуулашат, -деп билдиришти КР Өкмөтүнүн аппаратынан.
Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү ай сайын өткөрүүдө. Былтыркы жылдын август айынан бери он жолу жолугушуу болгон.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу – 1378 чакырым, анын 20%дан ашыгы же 324 чакырымы тактала элек.
Сүрөт: Азаттык
- 11.04.2017