Кыргыз-тажик чек арасындагы чатак: жабыркагандардын абалы азыр кандай?

Азыр Кыргызстан-Тажикстан чегиндеги чырдан келтирилген чыгымды атайын түзүлгөн комиссия эсептеп жатат. Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, 3-апрелдеги окуяда кыргыз тараптан 17 кишиге таш тийген. Анын үчөө ооруканага кайрылып, экөө жаткырылган.

Автоунаа жана үйлөргө да зыян келтирилген. Так саны боюнча маалымат бериле элек. Азыр абал туруктуу. Милиция көзөмөлдөп турат.

Окуя кыргызстандык жаран короосуна дубал ура баштаганынан келип чыккан. Чек арага корук курганга болбойт деп каршы чыккан тажикстандыктар таш ыргытышкан. Кыргыз-тажик чегинде мындай пикир келишпестик быйыл биринчи ирет катталышы эмес. Жыл башында эле такталбаган тилкеге кыргыз тарап контейнерден көпүрө койгону үчүн тажик тарап жооп кайтарган. Азыр жорудагы эки окуя делимитация, деморкацияны тездетүү зарылдыгын ачыктап отурат.

10 жыл мурда токтоп калган Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы делимитация жана деморкация иши жанданат. Бул такталбаган чек ара аймактардагы чыр чатактарга чекит коюууга өбөлгө түзөт.

Делимитация иши боюнча өкмөт аралык комиссиянын кызматташтыгын жандандыруу чечими эки өлкө президенттеринин Тажикстандагы жолугушусунда сүйлөшүлгөн. Февралдагы макулдашуунун негизинде талаш тилкелерди тактоо боюнча эки тараптуу комиссия түзүлгөн. Азыр ал жумушчу топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев билдирди.

 “Мындан 10 жыл мурда деморкация иши бир тараптуу токтоп калган. Ушул калктуу жерлерге келгенде токтотуп коюшкан. Ушуну эртерээк жандантып тактабаса, жаңжал орун ала берет”, – деди ал.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымды түзүп, 450 чакырымы тактала элек. Эки өлкөнүн чеги шахмат сыяктуу жайгашып, делмитация маселеси курч болуп келүүдө.  Такталбаган тилкелердин айынан Ворух, Чаркөө, Сада, Көк-Таш айылдарында чыр-чатактар катталып турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.