Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Бүгүн, 10-март күнү саат 10:50 чамасында Баткен облусунун Тескей жерлигиндеги чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, чек араны кайтаруунун жаңы чегине чыгып, Кыргызстандын Чек ара кызматынын чек кезметин аталган аймактан кетип калуусун талап кылышкан.

Жерине тажик чек арачыларына кошумча күчтөрү келип, сандык артыкчылыктарынан пайдаланып жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан.

Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин ниетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Натыйжада ок атышуу орун алып ал, 10 минутага созулган. Ок атышуунун жыйынтыгында кыргыз тараптан жарадар жана  жаракат алгандар болгон жок.

Дароо эле эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен чыр-чатак орун алган жерден чек ара кезметтерин эки тараптын чек ара өкүлдөрү келгиче алып кетүүнү жана кошумча күч жана каражаттарды алып келбөөнү макулдашышты.

Саат 11:45ке карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

УКМКнын Чек ара кызматы Тескей жерлиги мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына киреерин жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып жаткандыгын белгилейт.

Баткен облусундагы чек ара кайтаруу тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.