Кыргыз-тажик чек арасында кайра ок атылды

11-мартка караган түнү болжол менен саат 02:50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атылды.

Баткен районунун Эски-Таш жерлигиндеги Баткен-Исфана унаа жолунун аймагында Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн автоунааларды таш бараңга ала башташкан. Чек ара кызматынын таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары кабыл алган эмес.

Натыйжада кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Бирок тажик аскерлери кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок атышкан.

Ок атышуу 20 минутага созулуп, кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок.

Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпөөсүн алдын алып Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, чыр-чатак орун алган жерде жолугушуусу пландаштырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.