Кыргыз-тажик чек арасында аксакалдар жолукту

Лейлек районунун чек аралаш айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Гафуров районунун аксакалдарынын жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жолугушуу Кыргызстандын Борбордук айылы менен Тажикстандын Хистеварз айылы менен чектешкен жерде уюштурулуп, ага Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана Тажикстандын Гафуров районунун башчысы Зафарбек Давлатзода катышты.

“Жолугушууда эки тараптын аксакалдары ынтымак чайын ичип, эки элдин ынтымагын бекемдөөнү, ошону менен бирге жаштарды да ынтымакка чакырып, биримдикте жашоо керектигин билдиришти”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.