Кыргыз тасмасы Эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” деп табылды

Бангладеште өткөн эл аралык Дакка кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival) “Акыркы көч” тасмасы “Эң мыкты тасма” деп табылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
“Акыркы көч” тасмасынын режиссерлору Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу. “Кыргызфильм” киностудиясынан жана “Билимкана” фондунун колдоосу менен тартылган иасмада Марат Алышбаев, Бусурман Одуракаев, Шайыргүл Касымалиева, Анара Ажыкановалар башкы ролдорду ойношкон.
Коронавирус пандемиясынан улам Дакка кинофестивалы быйыл 16-24-январь күндөрү онлайн түрүндө өттү. Фестивалда 73 мамлекеттен 226 тасма көрсөтүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.