Кыргыз-казак чек арасы кадимки тартипте иштей баштады

Кыргыз-Казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү бекетинде 50гө жакын гана оор жүк ташуучу унаалар турат. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

Чек ара кызматкеринин айтымында, 3-декабрдан тарта өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштеп баштады. Эч кандай тоскоолдук жаралбай, оор жүк ташуучу унаалар эркин өтүп жатышат.

2-декабрда Кыргыз-Казак чек арасы боюнча келишимге вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жана Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койгон. 30-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Минскте Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, Кыргыз-Казак кызматташтыгы, анын ичинде чек арадагы абал тууралуу сүйлөшүшкөн.

Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте туруп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.