Кыргыз эл артисти Искра Раимкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 9- августта Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, маркумдун туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты.

Искра Раимкулованын сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, актриса 2021-жылдын 8-августунда 84 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.