Кыргыз Эл акыны Рамис Рыскулов дүйнө салды. Некролог

Кыргыз Эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов кечээ, 26-январь күнү кечинде каза болду. Акын 87 жашта болгон. Маалымдалгандай, акын көптөн бери ооруп жүргөн жана Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан.

  • Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган.

 

  • 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М. Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт.

 

  • Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген.

 

  • Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркинтoo» ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан.

 

  • Биринчи ырлар жыйнагы “Жаз” 1959-жылы жарык көргөн.

 

  • Ал кыргыз тилине А. С. Пушкиндин, В. В. Маяковскийдин, Н. А. Некрасовдун, Л. Вознесенскийдин, X. Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон.

 

  • 1986-жылы «Ырлар» жыйнагы А. Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

 

  • 1959-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан ССРС Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

 

  • 1987-жылы ССРС Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон.

 

  • Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.