Куршаб: Келечектеги чемпиондор заманбап залга муктаж

Өзгөндүн Куршаб айыл өкмөтүндөгү беш айылдын жаштары шарты жок, кичинекей бөлмөдө спорт менен машыгат. Зал эсептелген бөлмө “Ынтымак” деп аталып, анда машыгуучулар үчүн жууна турган жери да жок.

Дал ушундай шартта машыккан мектеп окуучусу Дарманбек Маметов залдын бар экенине да шүгүр кылат. Анткени жаш экенине карабай, спорт чеберлигине талапкер.

 “ Бул залдан күчтүү спортсмендер чыккан, алдыда биз да чыгабыз.Келечекте Кыргызстандын туусун дүйнөнүн булуң бурчуна, океандын ары жагына да желбиретем. Жоктон көрө жогору залыбыз бар экенине да кубанабыз. Алдыда Азия биринчилигине даярданып жатам”, – дейт  Дарманбек Маметов.

Чакан спорт залына 50гө жакын өспүрүм күнүнө бир ирет келишет. Алар бокс, кикбокс, самбо, каратэ жана күрөш менен машыгышат. Беш жыл ичинде чакан залдан 50гө жакын спорт  чеберлигине талапкер, 6 спорт чебери тарбияланды. Алардын арасында өлкө биринчилигинде мыкты көрсөткүчкө ээ болгондору да бар.

 “Алдыда өтүүчү мелдештерге кызуу даярдык көрүп жатабыз. Негизинен күн сайын эле убакытты текке кетирбей, түрдүү ыкмалардын үстүндө иштеп келебиз. Анткени спортто  тынымсыз аракет болсо гана жыйынтык мыкты болот”,-  дейт машыктыруучу Кожожаш Кедейбаев.

Спорт менен алектенүүгө Кыргызстандан басымдуу айылдарында шарт жок. Шайлоо алдында гана айрым талапкерлер, саясий партиялар кичи мекенине спорт залдарын салып бербесе, бул маселеге мамлекет тарабынан системалуу көңүл буруу жок.

Бул маалыматты “Сорос-Кыргызстан” фондунун редакциялар аралык тажрыйба алмашуу долбоорунун катышуучусу, Нарын облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кабарчысы Сыргак Бактыяр уулу даярдады.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.