Курбу-Таш: чатырдагы жашоо жаш балалуу энелерди түйшөлттү

Өзгөндүн Курбу-Таш айылында үйүн жер көчкү баскан 62 үй-бүлө бир айдан бери чатырларда жашап жатышат. Кырсыктан берки катаал аба ырайы алачыктагы жаш балалуу энелерди түйшөлтүп жатат. Ал ортодо өкмөт аларга жер тилкесин бөлүп берүү жагын чече элек. Жер берилген күндө да үй курууга каражаты жок курбуташтыктар  азыр айласын таппай турушат.

Катуу жааган жамгыр, шамал чатырларды учуруп, суу өткөн күндөрү энелер балдардын ден соолугу үчүн тынсызданышат. Аларда балдардын окуусу үзгүлтүккө учураганы да түйшөлтөт.

Жабыркагандардын бири Зулфия Кожоназарова жер тилкеси тезирээк берилсе дейт.

“Катуу шамал, жаан-чачын чатырларды учурганда, унааларда баш калкалайбыз. Анын үстүнөн кырсыктан бери бир ай өтүп кетти. Кыш тез эле келип калат, ага чейин там салбасак, абалыбыз оорлошот”, – дейт ал.

Жергиликтүү бийлик болсо жер тилкелери канча бөлүнөрүн тактай алган жок. Бирок тилке берилген күндө да кырсыктан жабыркагандарда дароо курулуш баштаганга каражат жок. мамлекет болсо алар турак-жайын камсыздандырбаган үчүн эч кандай жардам бере албайт. Курбуташтыктардын бир үмүтү – элдин көмөгү. ӨКМ ачкан атайын эсепке азыр ар кайсы мекеме кызматкерлери бир күндүк маянасын которуп жатышат.

23-апрелде Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Курбу-Таш айылында жер көчкү жүрүп, 62 турак-жайды басып калган. ФАП, мектеп, мечиттер да көчкү алдында калган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.