“Кумтөргө” жумушка орноштурам деп алдамчылык жолу менен акча алып жаткан жаран кармалды

Өзүн Президенттин Администрациясынын кызматкери катары тааныштырып, “Кумтөр” ишканасына орноштурууга 4 миң АКШ долларын алдамчылык жолу менен алып жаткан шектүү аял кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү Ысык-Көл РИИБге Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, М. аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Натыйжада шектүү акча каражатын алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилди.


Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал ушул эле райондун 37 жаштагы А.М. болуп чыкты. Алгачкы териштирүүдө ал аял Президенттин Администрациясына эч тиешеси жок экени жана алдоо жолу менен акча каражатын өндүрүүнү көздөп жатканы аныкталды.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголду.




Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.