“Крым.Реалии” сайты менен кызматташкан журналист алты жылга соттолду

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы сот “Крым.Реалии” сайтынын штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенкону алты жылга эркинен ажыратты. Орусиянын атайын кызматтары аны “жардыруучу зат жасаган жана сактап жүргөн” деп айыптаган.

Орусия жана Украинанын жараны Владислав Есипенко 2021-жылы мартта украин атайын кызматтарынын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен Крымда кармалган. ФСБ шектүүнүн автоунаасынан “жардыргыч затка окшош” буюм табылганын жана ал күнөөнү моюнуна алганын жарыялаган.

Есипенкого көз карандысыз адвокаттар бир айга жакын убакыт киргизилген эмес. Ал алгач күнөөсүн моюнуна алып, бирок кийин андан баш тарткан. Айыпталуучу керектүү көрсөтмө алуу үчүн аны кыйноого алышканын, кармоо учурунда жанына граната салып коюшканын билдирген.

Анда “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай “Кремль аннексияланган Крымдагы альтернативдүү булактарды коркутуп, куугунтуктап жаткан маалда Есипенконун кармалышы терең кабатырлануу жаратат. Ал тезинен бошотулушу керек”, – деген билдирүү тараткан.

Журналистти эркиндикке чыгарууну АКШнын бийлиги жана укук коргоочулар да талап кылышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.