КРнын айдоочулук күбөлүгү Орусияда таанылбай турганы бир жактуу чечиле элек

Ушул жылдын 1-июнунан тарта Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүктөрү менен Орусияда жүргүнчүлөрдү же жүк ташууга тыюу салынышы мүмкүн. Мындай жаңы эрежелерди РФ бийлиги башка чет өлкөлөрдүн баарына киргизгени жатат. 

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов “Ынтымакка” билдиргендей, Кыргызстандан алынган айдоочулук күбөлүк менен биздин жарандар жеңил унааларды мурдагыдай эле айдап жүрө берсе болот.

“Орусия жол коопсуздугу боюнча мыйзамын өзгөрттү. Ага ылайык, башка бардык мамлекеттердин жарандары РФ аймагында жүргүнчү же жүк ташуу менен алектене турган болсо, анда алар Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алышы керек. Ал эми жеңил унаа ээлери болсо өз өлкөсүнөн алган эл аралык күбөлүк менен жүрө берсе болот”,- деп белгиледи Эржигитов.

18-апрелдеги өкмөттүн 2016-жылдагы отчету боюнча жыйында бул маселе көтөрүлгөн. Анда депутат Айбек Алтынбеков 1-июндан тарта Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусияда жараксыз болорун мигранттар айтып жатканын белгилеген.

Вице-премьер министр Олег Панкратов бул маалыматты тастыктап, бирок мыйзам долбоорунун демилгечиси документти ишке киргизүүнү 2018-жылга жылдырууну көздөп жатканы боюнча сөз болуп жатканын билдирген.

Өкмөт айдоочулук күбөлүк да билим тууралуу документ экенин, андыктан Орусия тараптан ЕАЭБ мүчөсү катары Кыргызстанга чектөө коюшу туура эмес экенин айтууда. Алар Орусиянын тиешелүү мекемелирине кат жиберген.

Сүрөт: enw-fond.ru

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.