КР президентин шайлоо 19-ноябрга белгиленди

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өткөрүлөт.

“Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, “Шайлоо Президент шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат”, — деп айтылган БШК тараткан билдирүүдө.

Кечээ, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы август айында президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштап чыгышкан. Алар мыйзам эрежелери боюнча августта шайлоо өтүшү керектигин, парламент 26-апрелге чейин шайлоо күнүн аныкташы зарылдыгын белгилешүүдө. Фракция өкүлдөрүнүн айтуусунда, 2011-жылдын 1-декабрында кызматка киришкен Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт. 2-декабрда жаңы мамлекет башчы жумушту баштоого тийиш.

Депутаттардын айтымында, эгер ноябрда шайлоо өтө турган болсо, орун алмашуу жараяны созулуп, мыйзам эрежелери сакталбай калат. Фракция Баш мыйзамга ылайык, 27-августта шайлоо өткөрүү сунушун парламентке жолдоду.

Президент Алмазбек Атамбаев БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алган учурда шайлоо 19-ноябрда өтөрүн белгилеген.

Мурдагы президенттик шайлоо 2011-жылы 30-октябрда болуп өткөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктайт

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.