Коюу тумандан улам “Манас” аэропорту жабылды

 “Манас” Эл аралык аэропорту аба ырайынын шарттарынан улам жабылып турат. Бул тууралуу компания Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Аэропортту эрте мененки убакыттан бери коюу туман каптап, каттамдар токтоп турат.

Аба каттамдары чыгарылбай тургандыгын жана жолго чыгып алган учактар Астананын, Алматанын жана Оштун аба каттамдарына конушкандыгын аэропорттун пресс катчысы маалымдаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.