Депутат Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шектелип кармалды. Видео

Коррупция беренеси менен шектелип Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Анда белгилүү болгондой, Төрөкулов 15-январь күнү Ош шаарынан кармалып, Бишкек шаарына алып жеткирилген.

Ошондой эле УКМК менен ИИМдин тергөө кызматы биргелешип кылмыштуу топтун мүчөсү Жантай Шаменовду дагы Чүй облусунун аймагынан кармаганы айтылат.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен депутат Төрөкулов эки айга УКМКнын тергөө абагына камалса, Шаменов убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, Дүйшөн Төрөкулов “Бир Бол” фракциясынын депутаты. Ал октябрдагы башаламандыкта Ош шаардык мэриясын басып алып, өзүн-өзү мэр деп жарыялап, анда эки күн отурган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.