Коррупция, наркотик менен кармалгандар өлүм жазасына тартылат. Сингапур өлкөсү тууралуу 10 факт

Ар бир өлкө  омоктуу  жана кызыктуу окуяларга толгон тарыхы, бири-бирине окшобогон маданияты, өзгөчө каада- салты, көз суктандырган жаратылышы менен айырмаланып турат. Бири өзүнүн маданияты менен таң калтырса, бири кооз эстеликтери менен, деги койчу ар бирин көрүүгө ашыгасың. Кызыгы, эч кандай ресурсу жок байыган өлкө бул Сингапур экен.

1.Сингапур аянты боюнча эң кичине 20 өлкөнүн катарына кирет.

2.Сингапур айып пул төлөй турган иштердин санынын көптүгү менен белгилүү өлкө. Көчөгө түкүрүү, коомдук жайда тамеки тартуу сыяктуу нерселер үчүн айып пулдун көлөмү 400 АКШ доллар .

3.Коррупция, наркотик сатуу сыяктуу кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартылат.

4.Көчөлөрдө дээрлик милиция жок. Бүт кыймыл камера аркылуу көзөмөлдөнөт. Эч ким билбеген жашыруун камералар да бар .

5.Жаратылыш ресурстары жок. Кумду, сууну да башка өлкөлөрдөн алып келип пайдаланышат .

6.Сингапурдун “атасы“ Ли Куан Ю өтө катуу мүнөзү жана коррупционерлерге ырайымсыздыгы менен белгилүү болгон. Ушул себептен эч кандай ресурсу жок өлкөнү эң өнүккөн өлкөнүн катарына киргизе алган.

7.Жарандарынын ден-соолугуна кам көрүү боюнча лидер өлкө. Сингапурдун калкы ооруга сейрек чалдыгышат.

8.Ар бир сингапурдун жараны бир жылда орточо 34 миң доллар акча табат.

9.Өлкөнүн 100 миңден ашуун миллионери бар.

10.Квартиранын баасы бардык жерде дээрлик бирдей. Шаардын сыртында, ортосунда деген түшүнүк жок.

 

Даярдаган: Айдана Осмонова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.