
Google map`тин 27-марттагы маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын саны Америка Кошмо штаттарында 85 миңден өтүп, дүйнө боюнча эң алдыңкы орунга чыкты. Каза болгондордун саны 1 295ке жетти.
Ошентип вирусту эң көп жуктурган өлкөлөрдүн алдыңкы бештиги: АКШ, Кытай, Италия, Испания жана Германия болууда.
АКШда – 85 798;
Кытайда – 81 340;
Италияда – 80 589;
Испания – 57 786;
Германия – 43 211 адам.
Ал эми, каза болгондордун саны боюнча: Италия алдыда – 8 215 адам өлдү. Андан кийин, 4 365 жараны каза болуп, Испания. А Кытай болсо, 3 292 адамынан айрылды.
Америкада эки күн башта, тактап айтканда, 25-мартта – 55 330 адамга жукканы айтылган. Ал эми 26-мартта, коронавирус 69 219 адамдан аныкталган. Демек, бир күндө – 13 889 адам жуктурган. 27-мартта, АКШда 85 798 адам жуктурганы жарыяланды. Ошентип акыркы суткада 16 579 адам коронавирусту жуктуруп алган.
Би-Би-Синин Жон Хопкинс университетинин маалыматтарына негиздеп тараткан кабарына караганда, коронавирус дүйнө боюнча 511 945 адамга жугуп, анын ичинен 23 094ү каза болгон.
Вирус дээрлик 197 мамлкетке тарады. А Кыргызстан 44 адамы менен 116-катарда.
- 27.03.2020