Коронавирус Тажикстанды чындыкты айтууга аргасыз кылдыбы?

Тажикстанда да коронавирус катталды. Бул маалымат дүйнөдө 210 мамлекетте COVID-19 аныкталды делгенден кийин жарыяланды. Буга чейин бир канча адамдын шектүү өлүмүнөн кийин деле, тажик бийлиги вирустун жок экенин айтып, өз элин эле эмес, дүйнө коомчулугун да ишендиргенге аракет кылып келген. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) вирус каттала элек делген Тажистан менен Түркмөнстанды текшерип келүү үчүн атайын миссия жөнөтөөрдүн алдында Тажикстанга чындыкты айтуу убактысы келгендей болду.

Тажикстан 15 адамдан коронавирус аныкталды деген маалыматты расмий жарыялаганын ДССУ да бекемдеди. Маалыматта айтылгандай, вирус Согди облусунун 10 жана Дүйшөмбү шаарынын 5 тургунунан табылган. Азырынча өлкөгө COVID-19 инфекциясы кайсы жактан келгени айтыла элек. Ошол эле кезде Саламаттыкты сактоо министрлиги “Жалпы 2 миң адам атайын көзөмөлдө турат”,-деген маалымат таратты.

Буга чейин тажик бийлиги өлкөдө коронавирус каттала элек экенин билдиргени менен ооруну ооздуктоо аракеттерин көрүп жаткан. Вирус катталды дегенден кийин, өлкөдө бир топ чектөөлөр киргизиле баштады: студенттер эс алууга чыгарылып, ар бир адам беткап кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Бирок эреже бузулса, канча айып акча салынаары айтылган жок.

Дүйшөмбү шаарындагы кийим-кече, буюм-тайым сатылчу 27 гектар жерде жайгашкан «Корвон» базары баштаган бир нече базарлар 30-апрелден 10-майга чейин жабылган. Шаардык мэрия алардын жабылышы «шаардыктарды саламаттыгына кам көрүү максатында жана коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн болуп жатканын» айткан.

Расмийлер соңку күндөрү оорудан ажал тапкан адамдардын илдети башка болгон деп ишендиргенге аракет кылып келишти. Бирок 28-апрелде, борбор калаа Дүйшөмбү шаарындагы №1 ооруканасында 300дөн ашык адам пневмонияга шектелип жатканын оорукананын башкы дарыгери Хуршед Рустамзодага шилтеме берип маалымат таратышкан. 300дөн ашык шектүүнүн ичинен 136сы медкызматкерлер экени да белгилүү болгон. Ага чейин, 100дөн ашык адам айыгып чыкканы айтылган. Өткөн жумага чейин пневмониядан 11 адам каза болуп, 8 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат деген. Бирок коомчулук пневмония эмес, коронавирустан каза табышы мүмкүн деп, ишенбөөчүлүк менен кабыл алышты.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска карата лабораторияларда 4 миңден ашык тестти текшерилгенин айткан. Анын ичинен 800ү кайра текшерилип, баары таза деген. Ага чейин Тажикстан ИВЛ аппараттарын сатып алууга 11 миллион сомониден ашык акча каражатын бөлгөн. Бул – азыркы курс менен алганда: 86 млн сомдон ашык акча. Ага ИВЛден сырткары, медициналык дагы башка каражаттар сатып алына турганын билдиришкен. Мындай чоң каражат бөлүп атканын уккандан кийин бийлик өлкөдө коронавирус катталганын жашырып жатат деп, ишенбөөчүлүк андан ары күчөгөн.

22-апрелде Дүйшөмбү шаарындагы №1 лицейинин Хуршед Каримов аттуу дене тарбия мугалими каза болуп, 400дөй окуучусу бар билим уясы тездик менен карантинге жабылган. Эгерде пневмония болсо, мынчалык бат карантинге жабылбайт болчу деген шектенүү пайда болгон. Ошентип өткөн аптада бийлик мектептерди эки жумага жаап, футбол боюнча мелдештерди да токтотту. Ага чейин өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты уланып, керек болсо, кыздар арасындагы чемпионат да старт алган.

Коронавирус Таджикстандын экономикасына ири жоготууларды алып келээри айтылууда

Негизинен өлкө бюджети – эң чоң 3 багыттан куралат. Алар: айыл чарбасы, мигранттардын акча которуулары жана алюминийдин экспортунан. “Спутник Тажикстан” сайты жазгандай, өлкөнүн негизги кирешеси мигранттардын которгон акчаларына көз каранды. Башкача айтканда, бул – ИДПнын 20дан 50 пайызга чейинкисин түзөт. Ушул каражатка негизинен Тажикстандын 70 пайызынын эли күн көрөт.

Өлкөнүн Улуттук банкынын статистикасына караганда, 2019-жылы мигранттан Орусиядан 2,7 миллиард доллар которушкан. Бул мурунку, 2018-жылга караганда, 6,6 пайыз көбөйгөн.

Ошентип коронавирус Тажикстандын экономикасын бир топко алсыратат дешүүдө. Анткени өткөн жылдын жыйынтыгы менен 2020-жылы экономикада 8 пайыз өсүү болот деген бийликтин божомолун, айрым серепчилер 5,5 пайызга чейин төмөндөйт дешти.

Учурда соода тармагы да алсырай баштады. Мунайдын арзандашы менен улуттук валюта – сомони да кунун кетирди. Саламаттыкты сактоо тармагына эселеп каражаттар коротулуп жатат. Аны менен катар эмгек мигранттары менен туристтик компаниялардан акча которуулар кескин түшүп кетти. Булар экономикага ушул жылы катуу сокку ура турган факторлор. Мындан улам дүйнө коомчулугунан жардам күтө турганын билдиришти.

Азыр коронавирус 210 мамлекетте катталды. Апта башында COVID-19 каттала элек делген дүйнөдөгү 15 мамлекеттин ичинде Тажикстан да бар эле. Бир ай башта, бул мамлекетте коомчулукта резонанс жараткан шектүү өлүмдөр болгон. Ооруканада каза болгондордун сөөгүн туугандарына тез жардам машинасы менен алып барышып, жаназасын окуткандан кийин, сөөктү ачтырбай, кайра тез эле алып кетип жатышкан. Жерге берүүдө да, адамдар коргоочу атайын кийимдер менен жүргөнү айтылган. Бирок расмий бийлик аларды пневмониядан каза тапты деген менен коомчулук ага ишенбей келген.

Азыр коронавирустун катталгандыгы расмий жарыялаганы менен вирус өлкөгө жайылып кеткени айтылууда. Эми аны токтотуу менен кесепети тажик бийлигине оор болоору эскертилип жатат.

Айрым маалыматтар менен фотолор: “Спутник Тажикстан”

Тажикстанда коронавирус катталбаганы канчалык коркунучтуу?

БИЗДИН YOUTUBE КАНАЛЫБЫЗГА КАТТАЛЫП, АКЫРКЫ МААЛЫМАТТАРДЫ КӨРҮП ТУРУҢУЗ!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.