Коронавирус: Ошто флешмоб өттү

Кечээ, 5-февралда Ош шаарындагы Ош гуманитардык педагогикалык институтунда коомчулукту сергек жашоого үндөгөн  массалык флешмоб болуп өттү.

Флешмобго аталган окуу жайдын студенттери катышып, “Биз коронавирус оорусуна каршыбыз”, “Ухань элине сактык каалайбыз, биз сиздер менен” деген сыяктуу чакырыктарды жасашты.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз вирус пайда болгондугу айтылган. Аталган вирус 2019-nCoV деп аталып, АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Япония, Австралия жана Францияда дагы байкалгандыгы маалымдалган. Учурда бул илдетке чалдыккандардын саны 24 миңден ашып, 490 киши каза болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.