Коронавирус: Ооганстандагы абал. Ал жактагы кыргыздардын оозу менен…

Ооганстан өкмөтү менен “Талибдердин” тынчтык келишимине жетүүгө аз калганда, коронавирус илдети бийликке жаңы көйгөй жараткан. Бул өлкөдө медицина начар болгондуктан, вирусту канча адам жуктуруп алганы тууралуу берген расмий маалыматтарга серепчилер ишенбей тургандыктарын айтышкан. Ошондуктан Ооганстанда илдеттин жайылып кетишине ыңгайлуу шарт бар экенин эскертип келишкен. Коронавирус менен күрөш уланып жаткан чакта, “Талибдер” менен тынчтык сүйлөшүүлөр да талкалана баштады.

Ооганстанда коронавируска чалдыккандардын саны көбүнчө Иранга чектеш аймактарында болуп жатат. Негизинен өлкөнүн Түштүк-Батыш аймагындагы Герат, Балх провинцияларында көп байкалды. Вирус дүйнөгө кооптонуу жаратканда эле бул өлкө да чек араларын толук жаап, авиа каттамдарды токтоткон. 27-марттан баштап карантин киргизди.

Оогандын борбору Кабул шаарында жашап-иштеген кыргызстандык Азат Нурдинов өлкө бийлиги коронавирустан сактануу үчүн кандай аракеттерди көрүп жатканы мынтип сүрөттөйт:

“Бийлик тараптан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Элдин топтолушун, майрамдардын уюштурулушун чектеп, коомдук жайлардагы чогулуштарды токтотту. Ошондой эле, азык-түлүктүн бааларын бир калыптыр кармоого аракет көрүлүп жатат. Бардык билим берүү жайлары токтотулуп, карантип киргизилгени менен көчөдө эл көп. Ооган эли мыйзамга өтө эле баш ийе бербеген эл. Ошондуктан базарларда, көчөлөрдө элдин көп топтолуп жатканын байкоого болот”,-дейт Нурдинов.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банк Ооган өкмөтүнө 100 млн доллар бөлгөнү кабарланган. Медицинанын алсыздыгы коронавирус менен күрөштө чабалдык кылаары айтылган болчу. Бирок ошого карабай, аракет көрүлүп жатат дейт маектешибиз.

Бул мамлекетте 60тын тегерегинде гана кыргызстандык расмий катталган. Расмий эмес маалымат боюнча алардын саны 100дүн тегерегинде. Азат Нурдиновдун айтымында, биздин жарандар үйлөрүндө эле отурат. Башка мамлекеттердегидей эле Ооганстанда деле дээрлик бардык мекемелер, базарлар, мечиттер жабылган.

“Биздин жарандар беле өздөрүнүн үйлөрүндө эле отурушат. Азыр авиа каттамдар жабыландыктан, Кыргызстанга кете албай турушат. Эми көрө жатаарбыз, бир-эки айдын ичинде буйруса оору азайып, каттамдар ачылып, кайра калыбына келсе, Кыргызстанга кетишсе керек”,-деди Нурдинов.

Дүйнө элине аты жаман илдет менен кантип күрөшүү керек экени саат сайын эмес, мүнөт сайын айтылып жатат. Бийликтердин аткарып жаткан иштерин саясий катуу каршылаштар да муюбай угуп, аткарып жаткан учуру. Мыйзамды жакшы тоготпогон ооган эли да карантинге баш ийди.

Кыргызстандан Ооганстанга барып иштеп жаткан кыргыздар илдеттен коргонуп, алдын алуу чараларын колдон келишинче аткарып жатышат. Аны Азат Нурдинов өзүнүн мисалында айтып берди.

“Азыр мен Кабул шаарында жашап, эмгектенем. Коронавирустан колдон келишинче эшикке чыкпай, базарларга барбай, үйдө эле болуп атам. Ошол эле элементардык талаптарды аткарып дегендей, колду самындап жууп, эшикке чыкканда беткап колдонуп, эшик-эликти дайыма хлор менен тазалап, дезинфекция кылып атабыз. Колдон келишинче сактанып атабыз. Азык-түлүктөрдү болсо, бир айга жетээрлик кылып алып келип койгонбуз”,-деп билдирди Азат.

Буга чейин Иран бийлиги коронавирус коркунучунан улам 70 миңдей адамды мөөнөтүнөн мурда абактан чыгаргандан кийин Ооганстан да вирустун жайылышын ооздуктоо максатында, камактагы он миңдей адамды эркиндикке чыгарууга буйрук берди. Негизинен алар аялдар, жашы жете электер, катуу оорулуулар жана 55 жаштан өткөндөр. Буйрукка ылайык, улуттук жана эл аралык коопсуздукка каршы кылмышка баргандар чыгарылбайт. Алардын ичинде “Талибдердин” негизги фигуранттары да бар.

Ооганстан өкмөтү менен “Талибдердин” тынчтык сүйлөшүүлөрү жемишин бере баштаганда, коронавирус илдети бийликке жаңы көйгөй жаратты. Өлкөдө медицина көңүл жылытаарлык болбогондуктан, коронавирус жуккан адамдардын расмий санына айрым серепчилер ишенбей, ал эсеп алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолголоп, бул өлкөдө илдеттин жайылып кетишине ыңгайлуу шарттар көп экенин эскертишет. Илдет менен күрөш күчөп турган чакта, “Талибдер” менен тынчтык сүйлөшүүлөр талкалана баштады.

Акыркы маалыматтардан кабардар болуп туруу үчүн биздин youtube каналыбызга жазылыңыз!

 

Орусияда коронавирус чыкпаган 1 гана аймак калды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.