
Дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 5,5 млнго чукулдаганын онлайн-карта көрсөтүүдө.
Ал эми каза болгондордун саны 345 миңге жетти. Илдеттен айыккандар болсо 2 млндон ашты.
Аталган оору менен эли эң көп жабыркаган өлкөлөр:
АКШ- 1 млн 600 миң адамга жукту, 342 миң америкалыктар айыгып, 100 миңге жакын адам көз жумду.
Бразилия- илдет жуккандардын саны 365 миңден ашып, 150 миң адам айыкса, дээрлик 23 миң жаран каза болду.
Орусия- 344 миңден ашуун адамга вирус жукту. Алардын 2 миңден ашыгы айыгып, 3,5 миңи көз жумду.
Улуу Британия- 260 миң адамга жукту, 4 миң бейтап оорудан сакайды. Дээрлик 37 миң адам каза болду.
Испания– жуккандардын саны 236 миңге чукулдап, андан 5 миң адамы айыкты, 29 миңге жакыны өмүрүнөн ажырады.
Ал эми өлкөбүз Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 1 433 адамдан коронавирус аныкталды. Айыккандардын саны 992ге жетип, 16 жаран каза болду.
Коронавирус кайрадан Кытайда: Сутка ичинде 11 адамдан табылды
- 25.05.2020