Япония коронавирусу бар бейтаптарды дарылоо үчүн алгачкы дары-дармектерди жактырды. Remdesivir препараты COVID-19 вирусу тастыкталган бейтаптарды дарылоо үчүн жактырылган алгачкы дары-дармек каражаты болду. Ошондой эле «Фавипиравир» жана «Фавилавир» аты менен белгилүү болгон “Авиган” препараты дагы май айында жактырылышы мүмкүн. Кытай дарыгерлери коронавирус чакырган пневмонияны дарылоодо аталган дарынын натыйжалуулугун аныкташкан.
Март айында Япониянын үй чарбаларынын чыгашалары төмөндөп, апрелде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү активдүүлүк рекорддук темпте кыскарды. Бул коронавирус пандемиясы өлчөмү боюнча 3-дүйнөлүк экономиканы тереӊ рецессияга алып келет деген божомолдорду күчөтүүдө.
12-майдан тарта Москвада беткап тагынуу тартиби күчүнө кирет. Коронавирус эпидемиясынан улам бардык москвалыктар коомдук унаага түшүүдө беткап жана кол кап тагынууга милдетүү болот. Коргоо каражаттары жок болгон учурда 5 миӊ рубль айып пул каралган.
Өткөн суткада Францияда ооругандардын санынын динамикасы кескин түрдө азайды. Акыркы үч жуманын ичинде ооруканага жаткандардын саны төмөндөдү.
Калифорниядагы изилдөө көрсөткөндөй, штатта массалык коронавирустун жалпы таралышы тырмак салондорунда башталган.
Трамптын аскер жардамчыларынын (адьютанттын) биринен коронавирус аныкталды. Президенттин Администрациясындагылардын бардыгы күн сайын коронавирус тесттинен өтүп жатышат.