
Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады.
«1992-жылдын 31-январында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери биз ар түрдүү тармактарда, анын ичинде саясат, экономика, маданият жана гуманитардык алмашуулардагы мамилелерибизди ырааттуу өнүктүрүп келе жатканыбызды зор кубаныч менен белгилегим келет.
Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы практикалык кызматташтык кеңейип, ар кандай салтанаттуу иш-чаралар аркылуу эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана достук чыңдалат деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо катында.
Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн каалады.
- 31.01.2022