Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда, коомдук жайларда, анын ичинде электрондук тамеки, кальян жана аралашмаларды чегүүгө тыюу салуу жөнүндө талкууланды.

Талкуу учурунда, “Жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Айнур Алтыбаеванын айтымында, документти иштеп чыгууда алар эксперттердин корутундусуна таянып, тамеки чегүү үчүн аралашмалар жана суюктуктар дагы тамеки сыяктуу зыяндуу деп ырасташкан.

Ал белгилегендей, депутаттар тамеки тартууга таптакыр тыюу сала алышпайт, болгону ал үчүн бөлүнгөн жайларга чектөө киргизишет.

Дастан Бекешев электрондук тамеки жана кадимки тамекиге болгон акциздик салыктын наркындагы айырмачылыкты белгилеп, мурункусуна жогору салык салууну сунуштады.

Экономика жана финансы министрлигинин өкүлдөрү учурда никотин камтылган продуктыларга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу башталгандыгын белгилешти жана бул жагдай мыйзам долбоорунда эске алынсын деген сунушун айтышты, бирок депутаттар документти экинчи окууда кабыл алышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.