Коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленет

Президент Садыр Жапаров «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында токтом чыкты.

Өкмөткө төмөнкү сунуштар берилди:

  • Ж. Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;

 

  • көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлүү.

 

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн.

  • 1918-жылы кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан.

 

  • 1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.

 

  • Москвада 1920-ж. өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан.

 

  • 1920 — 1924 жылдарда партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган.

 

  • 1924-ж. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген.

 

  • 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор.

 

  • 1926-ж. октябрда Кыргызстанда облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон.

 

  • 1933-ж. Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

 

  • 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.