Конституциянын кабыл алынганына 24 жыл толду

Бүгүн 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 24 жыл толду. Конституция күнүнө карата Юстиция министрлиги 28-апрелден тарта өлкө аймагында “Конституция боюнча жашайм” аттуу акция өткөрдү. Анын жүрүшүндө адистер жарандарга Баш мыйзамда көрсөтүлгөн укуктары жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат беришти.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Акыркы жолу өзгөртүү боюнча референдум былтыр 11-декабрда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышкан. Анын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду деп табылган.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.