
Ош шаарында“Алтын үн” сынагы жарыяланды. Анын жеңүүчүсү 100 000 сом утат. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган кароо-сынак кыргыздын маданиятынын өнүгүшүнө салым кошуу, улуттар аралык достукту бекемдөө, өнөрлүү, инсандардын искусствого болгон кызыгуусун жандандыруу максатында Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп жатат.
Конкурска 16 жаштан 40 жашка чейинки курактагы бардык каалоочулар катыша алышат.
Аталган сынак, 18-декабрда башталып, 26-февралга чейин уланат жана чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталат. Катышуучуларды кабыл алуу 13-декабрга чейин Ош шаарынын маданият башкармалыгында жүргүзүлөт. Ага паспортунун көчүрмөсү, резюме талап кылынат.
Сурап билүү үчүн телефондор: (03222) 4-81-33, 0779-59-69-36.
- 28.11.2019